Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-ноябры № 17/10
Тогуз-Булак айылынын жашоочуларынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында А.Бекташов атындагы орто мектебинин жалпы жамаатынын 2015-жылдын 15-январындагы №5-токтомун талкуулап
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Бекташов атындагы орто мектебинин территориясына балдар бакчасын салуу үчүн ыңгайлуу шарттарын карап, куруу иштерин жүргүзүү үчүн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|