Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-ноябры № 17/8
Корул айылдык Кеңешинин аймагындагы Кең-Жылга айылынын жаңыдан кошулган Арал, Тогузгун айылдарынын аралыгы узак болгондуктан, ага караштуу Тогузгун, Саз, Арал, Мукур, Талдуу-Булак участкаларын бириктирип, Арал айылы деп атоо жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык Кеңешинин аймагындагы Кең-Жылга айылынын жаңыдан кошулган Арал, Тогузгун айылдарынын аралыгы узак болгондуктан, ага караштуу Арал, Тогузгун, Саз, Мукур, Талдуу-Булак участкалары чачкын жайланышкандыктан айыл тургундарынын суроо талаптарын эске алуу менен жогорудагы участкалар бириктирилип, Арал айыл деп аталсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго тапшырылсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|