Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Терек айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
2014-жылдын 20-февралы № XIII-1
Терек айыл аймагынын «Жоо жүрөк» жайыт
пайдалануучулардын Терек айылдык Кеӊешине
жиберген билдирүүсү жөнүндө
Жайыттарды натыйжалуу пайдалануу, убактылуу пайдаланылбаган жайыттардын салыгын төлөө жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы
С. Мыктыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Терек айылдык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылы убактылуу пайдаланылбай турган жайыт участокторунун жер салыгынан 2014-жыл үчүн бошотуу бул токтом менен бекитилсин жана Ак-Талаа райондук УГКНС нан суралсын.
Арпа жайлоосу | 3326 га |
Бөрү уюк | 234,5 га |
Көк жар | 459,8 га |
Жетим ашуу | 1270 га |
Чоӊ үӊкүр | 475 га |
Жалпы | 5765 га |
2. Бул токтомдун жарыяланышын учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Казиевге жүктөлсүн.
Терек айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Ажиева |