Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-марты № 2
Казан-Куйган айыл өкмөтүнө жыл башында калган калдыктан акча–каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
2012-жылдан калган акча-каражатын тиешелүү булактарга бөлүп берүү максатында
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. 1. 2013-жыл үчүн Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн авто унаасына кетүүчү күйүүчү майга-59100сом, запастык бөлүктөргө-17000сом.
2. 2013-жылдын 11-февралында Кара-Талаа участкасындагы калың жааган кардан жолдуу тазалоого ДЭП-8 мекемесине 10000 сом. Айыл ичиндеги көчөгө шагыл төгүүгө-45000 сом.
3. Телефон байланышына жана интернетке кошулуу үчүн-2100сом.
4. Мурунку карыз үчүн басма канага-5800 сом.
5. Нарын токой чарбасына-33100сом.
6. Айыл өкмөтүндөгү компьютерлерди оңдотуу үчүн-10000 сом.
7. Канцелярдык товар алууга-15800 сом.
8. Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн жана айыл Кеңешинин мөөрлөрүн, штамптарын жасатууга-4100 сом.
9. Мүрзөнү коруу үчүн-61000сом.
10. Конторанын терезесине решетка жасатуу үчүн-6800 сом.
11. Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн Уставын, айыл өкмөтүнүн Жобосун жана жоголгон күбөлүгун газетага жарыялоого. Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн Уставын, айыл өкмөтүнүн Жобосун, айыл Кеңешинин Регламентин юстициядан каттоодон өткөрүүгө -25400 сом.
12. Иш сапарга чыгуу үчүн -12800 сом.
Баардыгы: 308000 сом.
II. Жогорудагы бөлүштүрүлгөн акча – каражаттарын статьяларга туура коюп иш жүргүзүү жагы Казан–Куйган айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Шалтаевага милдеттендирилсин.
III. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы | М. Солтонкулов |