Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 2
Тазалык (мусор) жыйымын айыл аймагына киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Нарын району боюнча башкармалыгынын 2013-жылдын 18-мартындагы №05/241-6 катын аткаруу максатында
Казан–Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казан-Куйган айыл аймагына тазалык (мусор) жыйымы киргизилсин жана түтүнгө 10(он) сомдон жыйноо жагы белгиленсин.
2. Тазалык (мусор) жыйымын чогултуу Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Н.Байтелиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө бюджет комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы | М. Солтонкулов |