Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 1
Казан–Куйган айыл аймагына ички тартип эрежелерин киргизүү жөнүндө
Корукту чыгаруу, суу башчысын дайындоо, малдын бадасын чыгаруу, жайлоого көчүрүү, жайлоодон көчүп келүү, корукка түшкөн малга айып салуу максатында
Казан–Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казан–Куйган айылынын суу башчысы болуп Конокбаев Мурат, үлүш жерге корукчу болуп Жолдошов Асылбек, Жумашов Улан дайындалсын.
2. Суугат жерди сугаруу үчүн 1га жерге 150сом төлөө киргизилсин, корукчулардын эмгек акысын айыл өкмөтү тарабынан айына ар бирине 3000 (үч миң) сомдон төлөп берүү жагы жүктөлсүн, элден түтүнгө 50 сомдон берүү жагы бекитилсин.
3. Корук жерге мал кирген мезгилде мал башына кой, эчки үчүн 25 сомдон, музоо жана кулунга 50 сомдон, уйга жана жылкыга 100 сомдон айып салынсын. Башка айылдын малы корукка түшкөн мезгилде жогорудагы көрсөтүлгөн айып эки эселенген түрдө айып салынсын.
4. Эгинди жана табигый чөптү тебелеп зыянга учуратса, мал ээсине чыгымды төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Малды тоого кетирүү 10-майдан 25-майга чейин, тоодон келтирүү 5-октябрдан кийин деп белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына З. Кемелбековго милдеттендирилсин.
Төрагасы | М. Солтонкулов |