Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-майы № 1
А. Ибраев атындагы №50-кесиптик лицейдин имаратын Казан–Куйган айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Нарын райондук прокуратурасынын 2012-жылдын 17-декабрындагы №11-139-12 сандуу каршылык катын, бул боюнча Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 21-декабрындагы №260-Б буйругун аткаруу максатында.
Казан–Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Ибраев атындагы №50 -кесиптик лицейдин балансасында турган бала бакчанын имараты 2015-жылдын 2-январына чейин А. Ибраев атындагы №50-кесиптик лицейдин балансасына калтырылсын.
2. 2015-жылдын 2-январынан А. Ибраев атындагы №50- кесиптик лицейдин балансасынан Казан–Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүлүп берилсин жана 2016-жылдын 1-августуна чейин пайдаланып туруу үчүн А. Ибраев атындагы №50- кесиптик лицейдин балансасына калтырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Казан–Куйган айыл аймагынын башчысы З. Кемелбековго милдеттендирилсин.
Төрагасы | М. Солтонкулов |