Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-августу № 1
Казан–Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Талипов Бектур Темирбековичтин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Казан–Куйган айылдык Кеңешинин депутаты Талипов Бектур Темирбекович Казан–Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы ветеринардык адистик кызматына өткөндүгү боюнча жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык депутаттык мандатын тапшыруу боюнча берген арызы менен депутаттык, мандатты жогорку добуш алган талапкерге тапшыруу максатында.
Казан–Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талипов Бектур Темирбекович –Казан-Куйган айыл аймагынын башкы ветеринардык адистик кызматына иштеп жаткандыгына байланыштуу, өзүнүн арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Казан–Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттыка талапкер болуп, кийинки добуш алган Бусурманкулов Аманбекке мандат берилсин.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрагасы | М. Солтонкулов |