Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-январы № 1
Казан–Куйган айылдык Кеңешинин депутаты Конокбаев Жыргалбек Насыровичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана жогорку добуш алган талапкерге депутаттык мандат берүү жөнүндө
Казан–Куйган айылдык Кеңешинин депутаты Конокбаев Жыргалбек Насырович 2013-жылдын 26-ноябрь күнү узакка созулган оорудан кийин каза болгондугун жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө 6-бөлүкчөсү, өлгөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана депутаттык мандатты жогорку добуш алган талапкерге тапшыруу максатында
Казан–Куйган айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө 6-бөлүкчөсүнө ылайык Конокбаев Жыргалбек Насыровичтин мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандаты токтотулсун.
2. Кезектеги көп добуш алган талапкерге депутаттык мандаты тапшырылсын.
3. Токтом Нарын аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана бекитип берүү жагы суралсын.
Төрагасы | М. Солтонкулов |