Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-октябры № 1
Казан–Куйган айыл аймагы боюнча 2014-жылы эгин аянтынан тоют катары чөпкө чабылгандыгы жөнүндө
Жаратылыштын климаттык шартынын өзгөрүүсүнө байланыштуу эгин аянтынан 33га жер аянтын тоют катары чөпкө чаптыруу максатында
Казан–Куйган айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казан–Куйган айыл аймагы боюнча 2014-жылы эгин аянтынан жаратылыштын климаттык шартынын өзгөрүүсүнө байланыштуу 33 га жер аянты тоют катары чөпкө чабылгандыгы (25га арпа, 8га буудай) түзүлгөн актынын негизинде аныкталсын.
2. Түзүлгөн акт Казан–Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндө сакталсын.
Төрагасы | М. Солтонкулов |