Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-январы № 7/II-3
Райондук, областтык, аталуу турнирлерди жана башка иш чараларды өткөрүүдө мектеп спортзалдарына, стадиондоруна, мектеп жана бала бакча акты залдарына, ошондой эле А.И. Радченконун атындагы спорткомплексине, мэриянын маданият үйүнө пайдаланган үчүн төлөм акы киргизүү жөнүндө
Жогоруда аталган мектеп спортзалдар, акты залдар, А.И. Радченко атындагы спорткомплекс, мэриянын маданият үйүү жылдагы жөндөмү, спорт инвентардын сакталашы мэриянын бюджетинен сарпталууда, ошондой эле бул муниципалдуу объектилердин рационалдуу пайдалануу максатында Кайыңды шаарынын мэриясы төлөм акы киргизүүнү сунуштады. Бул сунушту талкуулап Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы төмөнкү:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Спортзалдарды, мектеп жана бала бакча акты залдарын, А.И. Радченко атындагы спорткомплексти, мэриянын маданият үйүн, райондук, областтык аталуу турнирлерде пайдаланган үчүн акы төлөнсүн
2. Бир иш чара, же турнирди өткөрүүдө арендалык акы төлөм төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- спортзал – 2000с.
- стадион – 1000с.
- спорткомплекс – 2000с.
- мектеп жана бала бакча акты залдар –1000с.
- мектеп жана бала бакча имараты – 1000с.
- мэриянын маданият үйү – 2000с.
3. Мэриянын экономика жана муниципалдык менчиги секторунун башчысына келишим түзүү жана акчалай каражаттар мэриянын атайын эсебине киргизүү көзөмөлдөөсү милдеттенсин.
4. Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башкы бухгалтерине, арендадан каржыланган акчалай каражаттарды, спорт инвентардык жаңылануусуна, муниципалдык объектилерди жөндөөсүнө сарпталышын көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы жана пайдалануусу Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттык бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алуусу жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |