Редакцияот 01.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 1-марты № 16/V-3

Советская көчөсүндөгү скважинаны Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу жөнүндө

Кайынды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиги жана экономика секторунун жетекчисинин маалыматын уккандан кийин Кайынды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайыңды шаарынын мэриясынын экономика жана муниципалдык менчигинин секторунун милдетинин аткаруучу Джумабаев Э.Н. Советская көчөсүндөгү скважинаны Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына кабыл алып, Панфилов мамкаттоого тиешелүү укук тургузуу иш кагаздарын өткөрсүн.

2. Кайыңды шаарынын мэри Иманкулов Э.Т. Советская көчөсүндөгү скважинаны мындан ары тиешелүү деңгээлде иштеп туруусун көзөмөлгө алуу.

3. Кайыңды шаарынын мэриясына 100 ж/б плитаны, 28 күчтөтүлгөн ж/б плитасын сатууга уруксат берилсин, андан түшкөн акчалай каражаттарды Советская көчөсүндөгү скважинанын капиталдык жөндөөсүнө жумшалсын.

4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттык бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Абдрасулов У.Б.