Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-июну № 21/VII-1
Коомдук даараткана менен жана кичи футбол талаасы менен пайдаланган үчүн арендалык акы төлөө киргизилсин
Кайынды мэриясынын” Коомдук даараткана менен жана кичи футбол талаасы менен пайдаланган үчүн арендалык акы төлөө киргизилсин” деген сунушун талкуулап Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук муниципалдык даараткана жана кичи футбол талаасы менен пайдаланган үчүн арендалык төлөм киргизилсин.
2. Кичи футбол талаасы менен пайдаланган үчүн саатына - 350 сом, ал эми коомдук муниципалдык дааратканага бир кишиге - 2 сомдон төлөм акы киргизилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча депутаттар комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |