Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-июлу № 24/VIII-1
Аймактык шайлоо комиссиянын резервине талапкерлерди бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын 2011 жылындагы теке айынын 30 да №62 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн шайлоо комиссиялары тууралуу” мыйзамынын 19 беренеси 1 пункту,4 пункту, ошондой эле “Шайлоо комиссиясын түзүү жана таратуу ирээти жөнүндө” 2011 – жылдын 8 июнундагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн түзүлгөн Борбордук комиссиянын токтомунун 2 бөлүмү, 7 пункту менен бекитилген жобонун негизинде, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиянын резервине көргөзүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана протоколдорду көрүп, талкуулап Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү талапкерлерди сунуштоо: эмгекчилердин жамаатынан Шаршембиева А.А., шайлоочулардын чогулушунан Төлөнбаев Ш.Х., Ширгелиева Н.А., Осмонкулова Р.Р.
2. Кайыңды шаардык кеңешине сессиянын токтомдорун жана көргөзүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүү иштери жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кенешинин төрагасынын орун басары Осмонов Адилет Нарынбековичке жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |