Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-ноябры № 41/XII-1
Кайынды шаардык кеңешинин депутаттык өкүлчүлүгүн мөөнөткө чейин жыйыштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 16 кулжа айынын 2011 жылдагы “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” Мыйзамынын 24 беренесинин 2 пунктусунун 1.2 бөлүгүнүн негизинде Джетигенова М.Дж. “Депутаттык өкүлчүлүгүн мөөнөтүнө чейин жыйыштыруу жөнүндө” Кыргызстандан чыгып кеткени байланыштуу арызын карап-талкуулап, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. СДПК саясый партиясынан шайланган Джетигенова М.Дж. арызына макулдук берилсин.
2. СДПК саясый партиясынан шайланган Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Джетигенова М.Дж. аныктамасынын кыймылы жана төш белгисинин кыймылы токтотулсун.
3. Панфилов районун аймактык шайлоо комиссиясынын алдында Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттар курамына СДПК саясый партиясынын тизме боюнча кийинки талапкер киргизилишин өтүнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |