Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 49/XIII-2
Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин 2013 - жылында калган бош калдыктарын пайдалануу боюнча
Кайынды шаарынын мэриясынын каржылоо экономикалык бөлүмүнүн башка бухгалтеринин “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2013 - жылындагы бюджетти аткаруу боюнча” маалыматын угуп, ошондой эле 2013 - жылда бюджеттин кирешесине пландан тышкары каржы каражаттардын түшүүсүн эске алуу менен Кайынды шаарынын кеңешинин депутаттар сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайынды шаарынын мэриясынын 2013 - жылдан бюджеттин бош калдыктарын 212,1 миң сомду төмөнкү иш чараларга пайдаланганга уруксат берилсин:
-200 миң сомду-тазалоочу автоунаа сатып алууга;
-12,1 миң сомду-Кыргыз республикасынын №23 “Бюджеттик укуктардын негизги принциптери” Мыйзамынын негизинде убактылуу кассадагы айрыктарын жабуу үчүн иштетилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |