Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 50/XIII-3
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2013-жылдын бюджетинин калдыктарын төмөнкү иш чараларга пайдалансын
Кайынды шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башка бухгалтеринин Кайынды шаарынын мэриясынын 2013 жылдын бюджетин аткаруу жөнүндө маалыматын угуп, Кайынды шаарынын мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгүнө 2013 жылы пландан жогору каржы каражаттар түшкөнүн эске алуу менен Кайынды шаарынын депутаттар кеңешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2013- жылдын бюджетинин калдыктарын төмөнкү иш чараларга пайдалансын:
а) 2215 берененин (аркандай шарттарды сарптоо) негизинде чарбачылык жана канцелярдык заттарды сатып алынсын.
б) Турак коммуналдык чарбачылыгынын бөлүнө-182,0 миң сом 2232 беренинин негизинде (электр энергиянын төлөмү) сарпталсын.
в) “Бала бакча” бөлүмүнө-4,0 миң сом 2215 берененин негизинде чарбалык заттарды сатып алууга сарпталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын туруктуу бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |