Редакцияот 13.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 13-марты № 58/XIV-7

Кайынды шаарындагы бала бакчалардын тамак-аштарынын баасын көтөрүү жөнүндө

Ата-энелердин чогулуштарында ата-энелердин сунуштары, ой-пикирлеринин, ошондой эле бала бакчалардын ата-эне комитеттин чечимдеринин негизинде, ошондой эле азык-түлүктүн баасы жогорулап кеткенине байланыштуу, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайыңды шаарынын бала бакчаларынын тамак-ашынын ата-энелер төлөмү бир балага күнүнө 50 сомдон өлчөлсүн.

2. Бул токтомдун  аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Абдрасулов У.Б.