Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-апрели № 60/XV-2
Кайыңды шаарынын 2014 - жылына коомдук бодо малын бадага чыгарган үчүн уйчуларга бирдей төлөм акы киргизүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын аймагында 2014 - жылга бодо малды бада айдап баккан үчүн коомдук уйчулардын жана жергиликтүү калктын ой-пикирин эске алуу менен Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайынды шаардык 2014 - жылда бодо малды бадага бактырган үчүн коомдук уйчуларга:
- бир башка - 250 сом
- букага - 400 сом төлөм акы киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |