Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-сентябры № 76/XIX-4
АРИС долбоорунун Бишкек жана Ош (ПГИБО) шаардык инфраструктура Проектисинин курчамындагы “Кайынды шаарынын “Победа” жашыл багынын тротуарлырына брусчатка төшөп жөндөө” кичи проектисинин ишке ашыруусу жөнүндө
АРИС долбоорунун шаардык инфраструктурасы Бишкек жана Ош (ПГИБО) проектисиин курчамында Кайынды шаарында тротуарлардын жалпы аянты 3 182 м2, брусчатка төшөлүп жөндөлдү, бул проектинин 95 % АРИС долбору каржыласа, 5 % жергиликтүү бюджеттен каржыланды .
BOUIP-ST-Kainda-14-1 кичи проектин «Победа» жашыл багынын тротуарларына брусчатка төшөп жөндөө ишке ашыруу максатында, Кайынды мэриясы тарабынан № 2-3-4 от 18.01.2014 жылындагы буйругунун негизинде тендердик комиссия түзүлгөн.
Бул тендерде 4 сунуш каралган, алар:
1) ОсОО «Өтдүрүштүк, Жарандык курулуш» компания 1 744 929 сомдук кароо суммасы менен;
2) ОсОО «Coliseum» компаниясы 2 106 176 сомдук кароо суммасы менен;
3) ОсОО «Проекурулуш» компаниясы 1 975 533 сомдук кароо суммасы менен;
4) ОсОО «Стройснаб» компаниясы 2 270 675 сомдук кароо суммасын сунуштады;
Тендердик комиссия 26.02.2014 жылы болуп өткөн кароодо ОсОО «Өндүрүштүк, Жарандык курулуш» компаниясын тандап алды, себеби, ал жөндөө, курулуш иштер боюнча эң аз суммадагы (1744929 сом) арзан көрсөткүчтөрдү сунуштады, андыктан 18.03.2014 жылында BOUIP-ST-Kainda-14-1 кичи проект ушул компания менен келишим түздү. Келишим ишке ашырылы, ортолоп калганда, Кайынды шаарынын мэриясы подрядчиктерге иш көлөмүн көбөйтүп, каралбай калган тротуарларды жөндөп берүүнү сунуштады, натыйжасында курулуш иштер аягында 01.07.2014 жылы, BOUIP-ST-Kainda-14-1 «Кайынды шаарындагы «Победа» жашыл багынын тротуарларына брусчатка төшөп жөндөө» кичи проектиси 2 265 817 сомго көбөйдү, анын ичинен АРИС долбоору 2 152 527 сомду каржылады, ал эми 113 290 сомду жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Вице-мер М. Исаевдин BOUIP-ST-Kainda-14-1 «Кайынды шаарынын «Победа» жашыл багынын тротуарларын брусчатка төшөп жөндөө» кичи проектисин ишке ашыруу маалыматын угуп, талкуулагандан кийин Кайынды шаардык кеңештин:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Вице-мер М.Исаевдин BOUIP-ST-Kainda-14-1 «Кайынды шаарынын «Победа» сейил багынын тротуарларын брусчатка төшөп жөндөө» кичи проектиси ишке ашыруу боюнча берген маалыматын эске алуу.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |