Загрузка документа…
БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 11/2
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу айыл тургундарынын арызын кароо жөнүндө
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Кайыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн атуулдарына кыргыз оюндарынын бири болгон Көк-Бөрү оюнун ойноого жана тай казан куруу үчүн Кызыл-Кыштоо участкасынын маңдайынан Ош-Эркечтам жолунун сол жак боюнан жер тилкеси бөлүнүп берилсин .
2. Жогорудагы жерди мыйзамдаштыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнө жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын .
3. Архитектуранын көрсөтмөсүнүн негизинде туура жайгаштыруу, көрсөтүү, мыйзам чегинде аткаруу жагы К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Машаевге жүктөлсүн .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
К. Белекбаев айылдык кеңешинин төрайымы |
Ч. Канкиева |