Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 4
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2014-2015 жылдарга божомолу жөнүндө
Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин 38-чакырылышынын 1-сессиясы айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин көлөмү кирешеси жана чыгашасы менен 3531,3 млн.сом суммасында баланс бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
Теңдөөчү гарнт 2262,0миң сом
Иш берүүчүлөр тарабынан айлык акыдан
Кармалуучу киреше салыгы 350,0 миң сом
Патенттик негизде алынуучу киреше салык 60,0 миң сом
Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык 3,0 миң сом
Транспорт ээлеринен алынуучу салык 150,0 миң сом
Короо жай жер салыгы 51,5 миң сом
Айыл чарба жер салыгы 331,8 миң сом
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 10,0 миң сом
Сатуудан алынуучу салык 50,0 миң сом
КБФ жерлердин аренда акысы 240,0 миң сом
Юст.орг.тарабынан кармалуучу төлөм 16,0 миң сом
Айып акылар,санкциялар,конфискациялар 4,0 миң сом
Чакан ишкердик субьекттери учун
бирдиктуу салык 3,0 мин сом
Чыгаша бөлүгү 3531,3 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
1. Башкаруу аппаратына 2251,0 миң сом
2. Билим берүү бөлүмүнө 432,6 миң сом
3. Социалдык коргоо бөлүмүнө 136,0 миң сом
4. Турак жай камуналдык бөлүмүнө 142,7 миң сом
5 .Маданият бөлүмүнө 449,0 миң сом
6. Резервдик фонд 35,3 миң сом
7. Коргонуу 120,0 мин сом
2. 2014-бжылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын. (эмгек акы, соц.фонд ж.б)
-2-
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык Кеңештин сессиясына сунушталсын.
Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга жана разделден разделге, статьядан статьяга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айылыдк аймактык Кеңештин токтомунун негизинде жүргүзүү жагы белгиленсин.
4. 2014-жылдын 1-январына айылдык бюджеттин эсебиндеги кассалык акча жүгүртүү каражатынын көлөмү 2,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 10- январындагы № 1/v буйругуна ылайык 2014-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 120,0 миң сом өзгөчө кырдаалдар үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-статьясынын негизинде 2014-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1%ынын эсебинен 35,3 миң сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
6. 2014-жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорду тыюу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө (Г.Абдылдаевага) тапшырылсын.Жыйноодо, өткөн жылдан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
7. Салык Кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.
Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегерүүнүн коэффиценти К1=1,0 болуп белгиленсин.
8. Жергиликтүү бюджетти колдоо иретинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары (айлык акы, соц.фондко чегерүү ж.б.) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
9. 2015-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү:
Анын ичинен теңдөөчү грант 2351,2 миң сом.
2016-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү:
Теңдөөчү грант 2362,1 миң сом.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Арал айылдык кеңешинин төрагасы |
И. Изаканов |