Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-марты № 1-2
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 2013-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын сарптоо жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 197 512,66 сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Бийсеевдин, ФЭБ башчысы К.Ибраимовдун сунуштарын эске алып, Таш-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата
197 512,66 сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн карамагына жабдууларды жана материалдарды сатып алууга 100,0 миң сом;
Таш-Дөбө айылынын тургуну Г.Балтакуновага Таш-Дөбө айылына жаңы бала бакча куруу үчүн 47 512,66 сом;
Айыл ичиндеги эки көпүрөнү оңдоп түзөө үчүн 2х 25 000=50 000 сом.
2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Бийсеевден суралсын.
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Сейдикалыкова Ж. |