Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-марты № 1-4
2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында» Таш-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү бийлигинин «Айыл жеринде ичкилик ичкенди токтотуу, сергектик жашоо образын киргизүү боюнча» иш чарасын колдоо максатында спирт ичимдиктерин ичкендерге айып акыларын белгилөө жөнүндө
«2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында» Таш-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү бийлигинин «Айыл жеринде ичкилик ичкенди токтотуу, сергектик жашоо образын киргизүү боюнча» айыл эли спирт ичимдигинен алыс болуп сергек жашоого, айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, жакырчылыктан чыгууга тиричилик менен алектенишине үндөө жаатында жаштар комитетинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап сунуштарын эске алуу менен, Таш-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл тургундары 2014-жылдын 15-апрелинен 2014-жылдын 15-ноябрына чейинки мезгилде мас абалында кармалгандарга төмөндөгүдөй айып акылар белгиленсин:
- мас абалда I жолу кармалса- 500 (беш жүз) сом;
- мас абалда II жолу кармалса-1000 (миң ) сом;
- мас абалда III жолу кармалса-1500 (бир миң беш жүз) сом.
2. Бул токтом 2014-жылдын 15-апрелинен баштап күчүнө кирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Жаштар комитетинин» төрагасы Таалайбек уулу Т. суралсын.
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Сейдикалыкова Ж. |