Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-июну № 2-3
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 2013-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын сарптоо боюнча 2014-жылдын 14-мартындагы айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясынын № 1-2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 197 512,66 сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Таш-Дөбө орто мектебинин мүдүрү Н.Байболотовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Бийсеевдин сунуштарын эске алып, Таш-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 197 512,66 сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
2. Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоо боюнча долбоорду Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин түрткү берүүчү гранты аркылуу ишке ашырууга өздүк салым үчүн Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинен үпөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 164,5 миң сом бөлүнүп берилсин.
3. Таш-Дөбө айылындагы курула турган «Спорт зал» курулушунун долбоору Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин түрткү берүүчү гранты аркылуу ишке ашырууга өздүк салым үчүн Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин үпөмдөлгөн акча каражатынан 33 012, 66 миң сом бөлүнүп берилсин.
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Сейдикалыкова Ж. |