Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 5-1
Мин-Куш айылындагы радиациялык фонддун таасири жогору болгон турак жайларда жашаган калкты, Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу» жөнүндө мыйзамынын негизинде Мин-Куш айылындагы көчүрүлүүгө муктаж болгон калкты жайгаштыруу үчүн милдеттүү түрдө жер тилкелерин бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 10.02.2014-жылдагы № 18-22 протоколдук тапшырмасынын талаптарын жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын 26.02.2014-жылдагы№ 17 буйругун аткаруу боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Бийсеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айылынын «Жайыт комитетинин» ички жайытынын эсебиндеги жайытка жараксыз чөп чыкпаган таштак сай жээгиндеги эски базардын чыгыш тарабындагы жер аянтынын ичинен 11 (он бир) үй –бүлөөгө 1,65 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Таш-Дөбө айыл аймагынын ички жайыт эсебиндеги жер аянтынан 1,65 га калктуу конушка которууга (трансформациялоого) сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Бийсеевке милдеттендирилсин.
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин төрайымы |
Ж. Сейдикалыкова |