Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-майы № I/02
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386-токтомуна ылайык Көк-Бел айылдык округунун жайыттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын № 8-беренесинин «Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылары жөнүндө», ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын № 4-беренесине ылайык, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кенешинин депутаттарынын кезексиз XXI сессиясынын, жайлоо участкаларынын эффективдүү жана рационалдуу пайдаланууну башкаруу жана камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айылдык округунун жайыт участкаларын, башкаруу ыйгарым укугу Көк-Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесине бекитип берилсин.
2. Көк-Бел (ЖПБ) жайыт пайдалануучулар бирикемесин башкаруу ыйгарым укугу Көк-Бел (ЖПБ) жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Токтошов Эркинбекке жүктөлсүн.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси сунуштаган, 2011-жылга каралган иш планы, жайыт пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрү, төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин.
а) Көк-Бел айылдык округуна караштуу малдар үчүн (Шарттуу мал башына)
а) 1 ШМБга 85сом
б) 0,7 ШМБга 60сом
в) 0,2ШМБга 17сом
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше жана чыгашаларынын сметасы. (тиркеме тиркелет 1.)
б) Сырттан келген малдар үчүн :
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (17.08.92) № 403-токтомунун 3-пункту негизи болуп толугу менен аткарылсын. Акт. Такасы. (тиркеме тиркелет 2.)
4. Көк-Бел жайыт пайдалануучуларынын жайлоого чыккандарына, отун пул 2м курук шак отун үчүн 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Жайыт участкаларында тосулуп пайдаланган жерлери үчүн ар бир сотыхына 50(элүү) сомдон төлөм бекитилсин.
6. Көк-Бел жайыт комитетине, пайдаланылган жайыттардан жыйналган жер салыктарынан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуу жагы милдеттендирилсин.
7. Жайыт комитетинин типтүү түзүмү, штатык саны 5 адамдан бекитилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыллдык кенештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратьшыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
Ч. Тешебаев |