Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-октябры № IV/2
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн тургундарына там арка жер берүү жөнүндө
Көк-Бел айылдык кеңешинин аймагындагы жашап жаткан атуулдары 2007-жылдан бери жеке үй куруу үчүн жер участкоторун ала элек. Жалпы атуулдардын арызы 450ден ашык болду. Бардык арыздарды тактоо менен атуулдардын арыздарын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү кодексинин 32 статьясынын негизинде заседаниенин катышуучуларынын сунуш пикирлерин угуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айылдык кеңешинин аймагындагы жашап жаткан атууладрга кайрак жер экендигин эске алуу менен 0,12 сотыхтын жер берүү жагы Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32 статьясынын негизинде бекитилсин.
2. Көк-Бел айылдык Кеңешинин аймагындагы жашап жаткан төмөндөгү атуулдарга жеке үй куруу үчүн 0,12 сотыхтан жер участогу бөлүнүп берилсин. (тизме тиркелет)
3. Кабыл алынган чечимдерди бекитип берүү жагы Ноокат райондук кенешинен суралсын.
(чечим бир добуштан кабыл алынды)
Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
Ч. Тешебаев |