Загрузка документа…
КОҢУР ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-ноябры № 26/9
Айыл өкмөтүнө жасалма жол менен уруктандыруучу шаймандарды алуу жөнүндө.
Айыл өкмөтүнө сунушталып жаткан жасалма жол менен уруктандыруучу кредиттин негизинде берилип жаткан шаймандарды алууга биздин айыл өкмөт чакан, датацияда тургандыктан жана азыркы күндө иштеп жаткан шаймандар бар болгондуктан, эки даана колдонууга муктаждыгыбыз жоктугуна байланыштуу
Конур-Дөбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айыл өкмөтүндө 2009-жылдан тартып Агахан фондусу аркылуу алынган жасалма жол менен уруктануучу шайман иштеп жаткандыгы көрсөтүлсүн, кийинки сунушталып жаткан жасалма жол менен уруктандыруучу шаймандарды алууга өздүк каражат жетишсиз экендиги белгиленсин
Коңур-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т.Бегматов |