Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-декабры № 8
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
1. Элге кызмат көрсөтүүнүн, социалдык объектилердин абалы, кышка даярдык, ремонттордун жүрүшү.
2. Оруп жыйноого даярдык, түшүмдүн жыйналышы, түшүмдүүлүк.
3. Ар кандай маселелер.
Үгүт айылдык Кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселелерди угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт жана Байгөнчөк айылдарындагы китепкана, ФАП, “Байгөнчөк келечеги” балдар бакчасынын, Үгүт байланыш бөлүмүнүн башчысынын, Т.Оторов, М.Баетов орто мектептеринин директорлорунун иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Депутаттык комиссия түзүлүп, комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин: Т.Байбагыышова, С.Абдыраева жана Э.Мамытбеков.
3. Түзүлгөн комиссияга “Айдос” балдар бакчасынын ишин кайра карап чыгып, жыйынтыгын кийинки сессияга сунуштоо жагы тапшырылсын.
4. Үгүт айылдык клуубунун башчысы А.Акыловго клубдун ишинен жылдын аягына чейин жыйынтык чыгаруу милдеттендирилсин.
5. Т.Оторов орто мектебинин инвентарларын өткөрүп алуу жагы учурдагы директор Г.Султаналиевага милдеттендирилсин.
6. Үгут жана Байгөнчөк айылдарындагы ашыкча огороддорду тактап, салыгын айыл өкмөтүнө түшүрүү жагы жер маселелери боюнча комиссияга жана жер адиси А.Үмөталиевге милдеттендирилсин.
7. Үгүт айылдык аймагынын “Ардактуу атуул” жобосун иштеп чыгып, кийинки сессияга сунуштоо үчүн комиссия түзүлсүн. Комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин: М.Исаков, А.Нуралиев, А.Каниметов жана Б.Орозбаев.
8. Рекетчиликтин алдын алуу боюнча атайын элдик жыйын өткөрүлүп, жыйынтык чыгаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозобековага милдеттендирилсин.
9. Үгүт жана Байгөнчөк айылдарындагы кичи дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин жана тамекини 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө сатууга тыюу салынсын. Кечки саат 20.00 – 7.00 чейин спирт ичимдиктерин бардык жарандарга сатууга тыюу салынсын. Сатуучуга биринчи тартип бузуусуна 1000 сом штраф. Экинчи жолу кайталаса 5000 сом штраф салынат.
10. Ак-Талаа районунун Үгүт айылдык аймагынын муниципалдык реестри бекитилсин.
Үгүт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Эгембердиев |