Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIII-сессиясы
2014-жылдын 19-сентябры № 23/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө Аксакалдар соту, Аялдар кенеши,
Жаштар менен иштөөнүн абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, Аялдар кенеши, Жаштар менен иштөөнүн абалы жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты Н.Сагынбаевдин даярдаган билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, Аялдар кенеши, Жаштар менен иштөөдө аткарган иштери бир топ кетирген кемчиликтерди эске алып канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.Айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар сотунун, Аялдар кенешинин, Жаштар менен иштөөдө мындан ары алгылыктуу иш алып баруу Аксакалдар сотунун төрагасы Д.Касымбековго, Аялдар кенешинин төрайымы З.Абдыкадыровага, жаштар Кенешинин төрагасына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковага тапшырылсын
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |