Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIII-сессиясы
2014-жылдын 19-сентябры № 23/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө айылдык маданият үйүнүн, айылдык китепкананын жана ФАПтын калкты
тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык маданият үйүнүн, айылдык китепкананын жана ФАПтын калкты тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты К.Жумалиеванын даярдаган билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык маданият үйүнүн, айылдык китепкананын жана ФАПтын калкты тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчиликтерди эске алып канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.Калкты маданияттуу тейлөөдө айылдык маданият үйүнүн, айылдык китепкананын ишин жандандыруу, ар кандай иш чараларды өткөрүү маданият үйүнүн жетекчиси С.Эргешовго, айылдык китепкананын башчысы К.Мусаевага, калктын саламаттыгын убагында текшерип, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, оорулууларды маданияттуу тейлөө жагы ФАПтын башчысы Г.Алибаевага милдеттендирилсин
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковага тапшырылсын.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |