Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIII-сессиясы
2014-жылдын 19-сентябры № 23/4
Айыл өкмөтүндөгү мектептердин жаны окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү №25 Э. Мурзаев атындагы орто мктебинин жана Күңгөй баштооч мектебинин жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын жаны окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө депутат У.Кадыркуловдун даярдаган маалыматтарын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү №25 Э. Мурзаев атындагы орто мктебинин жана Күңгөй баштооч мектебинин жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын жаны 2013-2014- окуу жылына карата даярдыгы айрым кемчиликтерди эске алуу менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Аталган мектептердин кышка карата даярдыктары боюнча камкордуктарды көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Садыковага жана мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мектеп директорлору З.Абдыкадыровага жана А.Абылаевага , К. Жумалиевага тапшырылсын.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |