Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 9-октябры № 15/1
Калктын социалдык -абалы жана бул багытта айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Калктын социалдык абалы жана бул багытта айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштеринин абалы боюнча депутат А.Апсатаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын социалдык –абалы жана бул багытта айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштеринин абалы боюнча депутат А.Апсатаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде иштеп жаткан соц .педагогдор айыл өкмөтүнүн соц.кызматкеринин убактылуу милдетин аткаруучу Асилбек кызы Рахат менен тыгыз байланышып биргеликте жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды тактап мыйзам чегинде иш алып барышсын.
3. Мүмкүнчүлүгү чектелген 1,2,3-топтогу майыптар жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жакындан жардам берүү жана алар менен иш алып баруу айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|