Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-октябры № 15/2
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын саламаттыгын сактоо боюнча медицина кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын саламаттыгын сактоо боюнча медицина кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы боюнча депутат А.Нурматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, айрыкча бейтаптарды кабыл алуудажана дарылоодо аяр мамиле жасоо,диспасердик каттоодо турган ооруларга үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин санитардык абалынын эрежедеги талаптарга ылайык кармоо ҮДТ, ФАПтын башчыларына милдеттендирилсин.
2. Кош бойлуу аялдарды өз убагында каттоого алып,төрөткө чейинки көзөмөлдү күчөтүү,карталарын өз убагында жазып берүү жана аларга түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү, каттоодо турган ооруларга, майыптарга, 5 жашка чейинки балдарга женилдик алуучуларга медициналык жардам көрсөтүү медицина кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Саламаттыкты сктоо мекемелеринин материалдык -техникалык базасын чындоо үчүн чет элдик донорлор,мамлекеттик эмес уюмдар,демөөрчүлөр менен тыгыз байланышта иш алып баруу ҮДТ, ФАПтын башчыларына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|