Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-октябры № 15/3
Согонду айылына таза суу чыгаруу боюнча элдин салымынын топтолушунун абалы жөнүндө.
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Согонду айылына таза суу чыгаруу боюнча элдин салымынын толук топтоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн жана түзүлгөн комиссияга жакындан жардам берүү Согонду айылынын айыл башчысы А.Капаровго, суу башчысы Д.Осмоновго милдеттендирилсин.
2. Ай сайын берүүлүчү пенсия,пособияны ар бир пенсия,пособия алуучунун өзүнө беришсин жана сууга топтолуучу төлөмдөрдүн топтолушуна жакындан жардам берүү почта кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|