Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-октябры № 15/7
Ленин айыл өкмөтүнүн 2014-жыл ичинде жайыттардан түшкөн ижара акы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш, Кун-Элек, Согонду, Гагарин айылдарынын айыл башчыларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш, Кун-Элек, Согонду, Гагарин айылдарынын айыл башчыларынын билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнө Кытай Эл Республикасынан чыгарылган 2014-жылдагы GX-931 маркасындагы погрузчик алуу үчүн жайыттардан түшкөн 200000(эки жүз )мин сом акча каражаты ОСОО “Жолчырак” ишканасына которулуп берилсин.
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын которуп берүү жайыт комитетинин төрагасы Б.Айдаралиевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловго тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|