Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-декабры № 16/1
Айыл өкмөтүндөгү вет.сервистердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Айыл өкмөтүндөгү вет.сервистердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө А.Апсатоаровдун билдирүүсүн угуп жана талкулап Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндөгү вет.сервистердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө депутат А.Апсатаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн тургундарынын малдарынын санын 2015-жылга карата так маалыматын алып,малдардын ыландаган ар түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында вакцина менен камсыз кылуу, малдардан кан алуу, кутурма оорусунун алдын алуу боюнча, жолбун иттерди атуу жана тиешелүү вакцина менен камсыз кылып өз мөөнөтүндө иш алып баруу жаныдан иштеп жаткан вет.инспектор У.Токтокуновго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык иштер боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысы Ж.Исираиловго тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|