Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-декабры № 16/6
Ленин айыл өкмөтүнүн тургундарына
турак жай куруу үчүн жер берүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн тургундарына турак жай курууга жер маселеси тартыш болгондугуна байланыштуу Ленин айылдык Кенешинин отуруму талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда жашаган тургундарга турак жай куруу
үчүн 2014-жылдын 22-декабрынан баштап 0.06 га (алты) жер аянты чектелип
берилсин.
2. Жер маселеси боюнча кайрылган тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларга жана жер жана ОКМ боюнча башкы адиси Н.Нурдиновго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловко жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|