Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-декабры № 16/8
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу “Жоогазын” балдар бакчасынын 2014-жылдын 24-ноябрындагы ата-энелер чогулушунун №6 токтомун жана ,Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын 2014-жылдын 20-октябрындагы ата-энелер чогулушунун № 6 токтомун бекитип берүү боюнча балдар бакчаларынын башчылары Т.Жусуеванын, Н.Сакенованын билдирүүлөрү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу “Жоогазын” балдар бакчасынын 2014-жылдын 24-ноябрындагы ата-энелер чогулушунун №6 токтомун жана ,Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын 2014-жылдын 20-октябрындагы ата-энелер чогулушунун № 6 токтомун бекитип берүү боюнча балдар бакчаларынын башчылары Т.Жусуеванын ,Н.Сакенованын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнө караштуу “Жоогазын” балдар бакчасынын 2014-жылдын 24-ноябрындагы ата-энелер чогулушунун №6 токтомун жана ,Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын 2014-жылдын 20-октябрындагы ата-энелер чогулушунун № 6 токтомун бекитип берүү боюнча балдар бакчаларынын башчылары Т.Жусуеванын ,Н.Сакенованын билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдарга ай сайын төлөнүүчү мүчөлүк акы 2015-жылдын 1-январынан баштап 300 сомго көтөрүлсүн.
3.Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынындагы камкорчулук кенештин ишин жүргүзүү ата-энелер комитетинин курамына жүктөлсүн жана 2015-жылдын 1-январынан баштап ай сайын 20 сомдон төлөнсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|