Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-декабры № 16/9
Алай районундагы ,Алай өз алынча баланстагы
токойчулугун Алай токой чарбасы статусуна которуу жөнүндө.
Алай районундагы , Алай өз алдынча баланстагы токойчулугуна караштуу жалпы аянты 130169,3 гектарды түзгөн Гүлчө,Алай ,Бүлөлү мастердик участкалары жайгашкан. Жер аянты боюнча Ош облусундагы токой чарбалардын ичинен эн ириси болуп эсептелет.
Алай өрөөнүндөгү токой тилкелеринин сакталышына ийне жалбырактуу арча, карагай көчөттөрүн өстүрүүгө питомниктердеги көчөттөрдүн ар түрдүүлүгүн жана санын көбөйтүүгө өбөлгө түзүү ,райондун аймагындагы экологиялык абалды турукташтыруу жана токой тармагындагы иштерди жакшыртуу максатында Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алай районунун аймагындагы Гүлчө, Алай жана Бүлөлү мастердик участкаларынын жана жээкти бекемдөөчү Гүлчө дарыя бойлорундагы токой тилкелеринин базасында Алай токой чарбасын түзүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомду бекитип берүү жагы тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|