Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-сентябры № 14/3
Согонду айылындагы Б.Арзиева атындагы балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө.
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду айылындагы Б.Арзиева атындагы балдар бакчасында 62 бала тарбияланат.
Айыл өкмөтүндөгү калктын саны 7015 . Жылдан жылга бакчада тарбиялана турган балдардын саны өсүүдө.Бакчага болгон муктаждык жогорулап 40-50 бала кезек күтүүдө. Элдин социалдык абалын жакшыртуу максатында кошумча тайпа ачуу зарылчылыгы келип чыгууда жана аны ачууга толук мүмкүнчүлүк шарт бар. Керектүү инвентарлар жетиштүү. Бир гана каржы маселеси көйгөй жаратууда. Жогорудагы маселе боюнча Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын башчысы Т.Жусуеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын башчысы Т.Жусуеванын билдирүүсү жана ата- энелердин чогулушунун токтомдору эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду айылындагы Б.Арзиева атындагы балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга штаттык бирдиктерди көбөйтүп чечип берүү жагы Алай райондук Билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Кошумча кабыл алынуучу 30 баланын тамак-ашына жана ар түрдүү чыгымдарына жумшалуучу акча каражатын чечип берүү Алай райондук каржы белумунен суралсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловго милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|