Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык Кеңешинин (V шайланган) кезектеги XIX-сессиясы
2014-жылдын 2-октябры № 71
Жылалды айылдык Кенешинин (V шайланган) кезектеги XIX сессиясынын күн тартибиндеги айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин 2014- жылга берилиши жана аренда төлөмдөрүнүн төлөнүшү жөнүндөгү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин 2014- жылга берилиши жана аренда төлөмдөрүнүн төлөнүшү жөнүндө аткарылган иштери боюнча М. Матраимовдун маалыматы эске алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жылылды айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Акназаров |