Загрузка документа…
АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-марты № 13
Алля Анаров айылдык кенеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ мыйзамына ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнѳ киргендигин, «Ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» мыйзамынын 26-беренесиндеги ѳзгѳртүүлѳргѳ ылайык тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын кѳпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органынын ченемдик укутук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет» деп кѳрсѳтүлгѳндүгүнѳ негиз жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Алля Анаров айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин аймагында жашаган адамдардын кѳпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүү жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгѳ жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилде которбой Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жѳнѳтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин депутаттардын тѳрагасына айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алля Анаров айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдуллаев |