Загрузка документа…
АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-июну № 1
Алля Анаров айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы Ачы, Жаңы-Араван жана Сасык-/нкүр айылдарынын тургундарынын аты жок кѳчѳлѳргѳ жаңы ат ыйгаруу жѳнүндѳгү маселени караган элдик жыйындарынын протоколдорун бекитүү жѳнүндѳ
Депутаттардын Алля Анаров айылдык Кеңешинин сессиясы Ачы, Жаңы-Араван жана Сасык-/нкүр айылдарынын тургундарынын аты жок кѳчѳлѳргѳ жаңы ат ыйгаруу жѳнүндѳгү маселени караган элдик жыйындарынын протоколдорун карап жана талкуулап, тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алля Анаров айыл ѳкмѳтүнүн Ачы айылынын тургундарынын чогулушунун протоколунун негизинде аты коюлбаган 6 кѳчѳгѳ «Асанов Бегмат», «Исмаилов Абдыхалык», «Канахат Ата», «Ахмат Ата», «Тороев Бекмурза» жана «Шамасир Ата» наамдары ыйгарылсын.
2. Алля Анаров айыл ѳкмѳтүнүн Жаңы-Араван айылынын тургундарынын чогулушунун протоколунун негизинде аты коюлбаган 12 кѳчѳгѳ «Эсеналиев Ашир», «Ырысов Акматали», «Ахунов Анарбай», «Бекназаров Козубай», «Сыдыков Халил» «Жалилов Имамберди», «Закирбаев Бердибай», «Юсупов Кочкорбай, «Аким сопу», Токтошев Мамасадык», «Жолдошов Бердибай» жана «Шады бий» наамдары ыйгарылсын.
3. Алля Анаров айыл ѳкмѳтүнүн Сасык-Ункюр айылынын тургундарынын чогулушунун протоколунун негизинде аты коюлбаган 2 кѳчѳгѳ «Пулатов Абдурахмон» жана «Мойдин эллик башы» наамдары ыйгарылсын.
4. Жаңыдан ат коюлган кѳчѳлѳргѳ вывескаларды жаздыруу, үйлѳргѳ номер койдуруу, кѳчѳлѳрдүн санитардык эрежелерге ылайык талаптагыдай абалда болуусун камсыз кылуу милдети А.Анаров айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Нурбаевге милдеттендирилсин.
Алля Анаров айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдуллаев |