Загрузка документа…
АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-майы № 1
Айылдык Кеңешке жана айыл ѳкмѳтүнѳ «Бозбу-Ата» ЖЧКсынын арызы карап чыгуу жѳнүндѳ
А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.А.Анаров айылдык кеңешинин 2009-жылдын 4-февралындагы № 4-8 токтомуна тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳртүү киритилсин:
- Жаңы-Араван айылына жакын жердеги 1024-34,05 жана 1019-10,93 контурундагы жайыт жериндеги 2009-жылы «Бозбу-Ата» ЖЧКсына берилген 10 га жер тилкесинен, 5га жер тилкеси 1020-12,56 жана 1023-32,23 контурундагы жайыт жерине жылдырылсын, №1 жер тилкеси 5га, №2 жер тилкеси 5га.
- А.Анаров айыл аймагынын жайыт комитети бѳлүнүп берилген жер тилкелерине Кыргыз Республикасынын жайыттар жѳнүндѳгү мыйзамынын негизинде жайыт билеттерин берсин.
- Бѳлүнүп берилген №2 жер тилкесинде жайгашкан кой-короонун ээсинин макулдугу алуу менен анын кой-короосун жана там-жайын башка жаңы жерге жаңыдан куруп берүү «Бозбу-Ата» ЖЧКсынын эсебинен курулуп берилсин.
Алля Анаров айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдуллаев |