Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-августу № 15-1
Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин 2014-жылдын 12-апрелиндеги
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айылдарда спирт ичимдиктерин
мыйзамсыз сатып жаткан атуулдардын ишкердигин токтотуу
жана аларга чектөө коюу жөнүндөгү №Х1-7-токтомунун
№3-пунктун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин 2014-жылдын 12-апрелиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айылдарда спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сатып жаткан атуулдардын ишкердигин токтотуу жана аларга чектөө коюу жөнүндөгү №Х1-7-токтомунун №3-пункту мыйзам бузуу жолу менен кабыл алынгандыгы аныкталгандыгына байланыштуу Ноокат райондук прокуратурасынын 2014-жылдын 19-августундагы №1 722-14-Каршылык билдируу сунушун аткаруу максатында айылдык кенешинин “Мыйзамдуулук,укук,тартип,этика,дин иштери,уй-булөнү коргоо,үрп-адат жана каада-салттар” боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин 2014-жылдын 12-апрелиндеги “Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айылдарда спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сатып жаткан атуулдардын ишкердигин токтотуу жана аларга чектөө коюу жөнүндөгү” №Х1-7-токтомунун №3-пункту мыйзам бузуу жолу менен кабыл алынгандыгы аныкталгандыгына байланыштуу жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|