Редакцияот 09.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV-сессиясы

 

2014-жылдын 9-августу № 14-8

“Жылдызча-Нур” жана “Кызгалдак-Ак-Булак” балдар бакчаларына кошумча тайпа ачуу жөнүндө

Кыргыз-Ата айылдык аймагындагы “Жылдызча-Нур” жана “Кызгалдак-Ак-Булак” балдар бакчаларынын алдында кошумча тайпа үчүн жаңы имараттар бүткөрүлгөндүгүнө байланыштуу маселени туруктуу комиссияда карап жана айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууга алып Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айылдык аймагындагы “Жылдызча-Нур” жана “Кызгалдак-Ак-Булак” балдар бакчаларына жаңыдан кошумча 3-тайпаларын ачууга уруксат берилсин.

2. Жаңыдан ачылган тайпаларды тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акыларын бюджетке киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз–Ата айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Турдуев