Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII-сессиясы
2014-жылдын 30-апрели № 12-1
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жамааттардан, дыйкан чарбалардан жана мекеме-ишканалардан келип түшкөн талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү протоколдорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жамааттардан, дыйкан чарбалардан жана мекеме-ишканалардан келип түшкөн талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү протоколдору карап чыгып жана талкуулап «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз-Ата айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы № 379-Кыргыз-Ата, № 535-Орто-Мечит, № 380-Ак-Булак, № 524-Токмок-Булак, № 381-Көтөрмө, № 382-Борко,
№ 450-Кара-Кой, участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жамааттардан, дыйкан чарбалардан жана мекеме-ишканалардан келип түшкөн талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү протоколдору бекитилсин..
2. Токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин катчысы Ж. Нурматовго милдеттендирилсин.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|