Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 12-апрели № 11-5
Кыргыз-Ата айыл аймагында жеке ишкерлик менен алектенген таксист, механизатор
малчы жана усталардын патент менен иштөөсүнүн абалы жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жеке ишкерлик менен алектенген таксист, механизатор, малчы жана усталардын патент аклып иштөөсү боюнча маселени угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында жеке ишкерлик менен алектенген таксист, механизатор, малчы жана усталардын патент алып иштеп жаткандыгын такай көзөмөлгө алуу жана ушул мезгилге чейин патент албай иштеп жаткан ишкерлерди патентке тартуу айыл аймагындагы айылдардын салык инспекторлоруна, айыл башчыларына жана айыл өкмөтүнүнүн киреше бухгалтери Таалайбек уулу Акылбекке милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөКыргыз-Ата айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз –Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|